Akchabarsearch
“100 миң сом десе, 100 миң беребизби?!” Депутат үгүтчүлөргө төлөнчү айлык акыга чек коюну сунуштады

Жарыяланган

2026-28-05, 16:16

“100 миң сом десе, 100 миң беребизби?!” Депутат үгүтчүлөргө төлөнчү айлык акыга чек коюну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев шайлоо учурунда иштеген үгүтчүлөргө төлөнө турган айлык акыга чек коюну сунуштады. 

Жыйында шайлоо мыйзамына киргизиле турган өзгөртүүлөр каралып жаткан. Азыркы мыйзамда, президенттикке талапкер 10 миңге чейин, депутаттыкка талапкер 1000 чейин үгүтчү жалдай алат деп жазылса, жаңы мыйзам долбоору менен президенттикке же депутаттыкка талапкер ар бир шайлоо тилкесинде үчкө чейин үгүтчү алсын деп сунушталууда. 

Нурбек Сыдыгалиев 1000 үгүтчү алуу чынында көп экенин моюндап, бирок ар бир шайлоо тилкесинде үчкө чейин үгүтчү алууга болот деген чектөө туура эмес экенин айтты. Анын сөзү боюнча, талапкер бир шайлоо тилкесинде көбүрөөк, экинчисинде азыраак, башкасында такыр үгүтчү жалдабай коюшу мүмкүн. Ошондуктан үгүтчүлөрдүн санын шайлоо тилкесине байлоо туура эмес болуп калат. 

Ал мурдагы шайлоолордо депутаттарга 500 үгүтчү алууга уруксат берилгенин, үгүтчүлөрдүн санын ошондогудай эле 500гө түшүрүү керектигин билдирди. 

Сөзүн улай ал үгүтчүлөргө төлөнө турган акы боюнча кеп козгоду. Анын айтымында, былтыр күздөгү шайлоодо ал түзүлгөн келишимге ылайык, үгүтчүлөргө 15-20 миң сомдон акысын төлөп берген. Сыдыгалиев үгүтчүлөргө төлөнө турган акыга чек коюш керектигин билдирди. 

“20 миң сомдон ашпасын деп чек коюп койбойлубу! Шайлоо келгенде алар учурдан пайдаланып 100 миң сом десе, үгүтчүлөргө 100 миң сом беребизби?!”, - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров андай чектөөнү шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга киргизип берүүнү суранды. 


Тектеш материалды окуу