Akchabarsearch
Ишкерлерге негизсиз айыппул салган салыкчылар айыпка жыгылды

Жарыяланган

2026-28-05, 17:03

Ишкерлерге негизсиз айыппул салган салыкчылар айыпка жыгылды

Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.  

Маалым болгондой, прокуратура органынын текшерүүсү учурунда быйыл 5 айда салык кызматкерлери тарабынан ишкерлерге мыйзамсыз айып салуу боюнча 105 учур аныкталган. 

Салык кызматкерлери мыйзамга ылайык эскертүү гана берүү керектигине карабай, ишкерлерге негизсиз айыппул салган. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен негизсиз айып салган салык кызматкерлерине тартиптик жаза берилип, андан тышкары айып салынган. 


Тектеш материалды окуу