Akchabarsearch
Унаанын канча чакырым жүргөнүн артка түрдүргөндөргө айып салуу сунушталууда

Жарыяланган

2026-28-05, 17:50

Унаанын канча чакырым жүргөнүн артка түрдүргөндөргө айып салуу сунушталууда

Кыргызстанда унаанын канча чакырым жүргөнүн артка түрдүргөндөргө айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору депутат Дастан Бекешев тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды. 

Документте айтылгандай, азыр өлкөдө унааны канча чакырым жүргөнүн көрсөткөн одометрдеги көрсөткүчтөрдү артка түрдүрүп иштегендерге, түрдүрткөн айдоочуларга эч кандай жаза каралган эмес. Мындан улам унаасын сата тургандар жанагыдай кылып чакырымдарды артка түрдүрүп, кымбатыраак сата алышат. Ал эми унааны сатып алган адам аны билбей да калат. 

Мындан улам унаанын канча чакырым жүргөнүн артка түрдүргөн жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып салуу сунушталууда. 

Бирок одометр бузулуп, анын ордуна башкасын орнотуу зарыл болгон учурда алмаштыргандарга жаза каралбайт. Ошол эле учурда жаңы орнотулган одометрде унаа канча жол жүргөнү тууралуу мурдагы маалыматтар так сакталган болушу шарт. Андайга мүмкүн болбосо унаа ээсинде мурдагы одометрдеги маалыматтарды ордуна келтирүүгө болбойт дегени тууралуу каты болушу керек. 


Тектеш материалды окуу