Akchabarsearch
17-августта Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоо башталат

Жарыяланган

2026-13-08, 17:41

17-августта Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоо башталат

17-августта 2027-жылга Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоо башталат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Онлайн каттоо 17-августта Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө башталып, 20-августта саат 23:59да  аяктайт.

Каттоонун башталышы тууралуу маалымат жана каттоодон өтүү үчүн шилтеме каттоо күнү министрликтин Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун расмий баракчаларында жарыяланат:  

  • Instagram — @info.migrant.kg (Stories бөлүмүндө);
  • Facebook — info.migrant.kg.

Каттоодон өтүү үчүн эмне керек?

Онлайн каттоодон өтүү үчүн алдын ала төмөнкүлөрдү даярдоо зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу чет өлкөлүк паспорту;
  • Gmail электрондук почтасы. Электрондук почтанын дарегинде талапкердин аты-жөнү чет өлкөлүк паспортунда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык жазылышы керек.

Министрлик каттоодон өткөндүн баары эле кийинки тандоо баскычтарына өтө бербей турганын белгилейт.

Онлайн каттоонун жыйынтыгы боюнча HOPS Labour Solutions Ltd оператору талапкерлерди алдын ала тандоодон өткөрөт. Экинчи этап — онлайн-тестирлөөдөн өтүү үчүн шилтеме тандап алынган талапкерлерге гана жөнөтүлөт.

Талапкерлерге каттоодо көрсөтүлгөн электрондук почтасын, анын ичинде «Спам» папкасын үзгүлтүксүз текшерип туруу сунушталат. Анткени мындан аркы маалыматтар электрондук почта аркылуу гана жөнөтүлөт.

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

  • жашы — 18 жаштан жогору;
  • орус тилин жакшы билүү;
  • физикалык жана психологиялык абалы канааттандырарлык болушу.

Жумуш шарттары:

  • эмгек акы — саатына 12.71 фунт стерлинг;
  • кепилденген минималдуу жумуш убактысы — жумасына 32 саат;
  • визанын баасы — 340 фунт стерлинг (2027-жылдын апрель айынан тартып жогорулашы мүмкүн);
  • авиабилеттин баасы валюта курсунан жана билеттин сатып алынган убактысынан көз каранды.

Эскертүү: Онлайн каттоо 4 күндүн ичинде — 17-августтан 20-августка чейин жүргүзүлөт.
 


Тектеш материалды окуу