Akchabarsearch
Ош шаарынын бийлиги туризмди өнүктүрүүнү көздөп жатат

Жарыяланган

2026-13-08, 15:53

Ош шаарынын бийлиги туризмди өнүктүрүүнү көздөп жатат

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен жолугушуп, шаарда туризмди өнүктүрүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Жолугушууда Ош шаарынын туристтик дараметин жогорулатуу, мейманкана жана тейлөө тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле шаарга келген туристтердин санын көбөйтүү боюнча пикир алмашуу болгон.

Ошондой эле Ош шаарынын тарыхый-маданий мурастарын, туристтик жайларын жана шаардык инфраструктурасын натыйжалуу пайдалануу аркылуу туризмди экономикалык өсүштүн маанилүү багыттарынын бирине айландыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

Соңунда мэрия менен агенттик Ош шаарында туризмди өнүктүрүү үчүн тыгыз иштешүүнү макулдашкан. 


Тектеш материалды окуу