Akchabarsearch
2024-жылы Кыргызстанда иштегендердин жарымынан көбүнүн орто же жогорку билими болгон

Жарыяланган

2025-19-11, 15:29

2024-жылы Кыргызстанда иштегендердин жарымынан көбүнүн орто же жогорку билими болгон

2024-жылы өлкөдө 2.7 млн адам иштеген. Алардын ичинен 680 миңи жогорку кесиптик билимге, ал эми 1.3 млн адам орто билимге ээ болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалыматында айтылат.

Жогорку билимдүү кызматкерлер негизинен билим берүү тармагында (162 миң), мамлекеттик башкарууда (68 миң) жана IT жана байланыш тармагында (26 миң) иштешкени белгиленди.

Ишкерлердин жалпы саны боюнча айыл чарба тармагы алдыңкы орунда – бул жаатта 432 миң адам эмгектенген, алардын көбү орто же негизги билимдүү. Өндүрүш тармагында болсо 305 миң адам иштеген.

Соода жана транспорт тармактарында: чекене жана дүң соода, унаа оңдоо жаатында 428 миң адам иштеп, алардын 75 миңи жогорку билимдүү болгон. Транспорт секторунда — 259 миң адам эмгектенген.
 


Тектеш материалды окуу