akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-18-03, 15:38

    Бишкектин мектептеринде электрондук ишеним кутучасы ишке кирет

    Быйыл Бишкектин мектептеринде электрондук ишеним кутучасы ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан маалым болду.

    Белгиленгендей, балдар купуя каттарды бейтааныш адамдар билип калат деп кадимки почта ящиктерине калтыргылары келбейт. Мындан улам, мектеп окуучулары каттарын телефон аркылуу жөнөтүү үчүн ага байланышкан электрондук почта дареги менен QR код орнотуу чечими кабыл алынды.

    Тиешелүү тараптар билдирүүлөрдү жумасына же айына бир жолу эмес, дароо карап, балдардын арыздарына жана өтүнүчтөрүнө ыкчам түрдө жооп берилет деп күтүлүүдө.


    Тектеш материалды окуу