Жарыяланган
2025-04-03, 16:16Мектептердеги кенже техникалык кызматкерлердин айлыгын 50% көбөйтүү үчүн 3 млрд сом керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Ал эми бала бакча, мектептен тышкары билим берүүчү мекемелердин жана кесиптик билим берүүчү лицейлердин жетекчилеринин маянасын жогорулатууга 600 млн сом талап кылынат.
Маалыматка ылайык, учурда мекеме Каржы министрлиги менен биргеликте каражат булактарын караштырууда.