
Жарыяланган
2026-02-04, 13:552025-жылы Кыргызстанга 19 миң тоннадан ашык туз импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Сырттан ташып келинген туздун баасы 177 млн сомдон ашат.
Туз 14 өлкөдөн импорттолуп, анын көбү Казакстан (7.91 миң тонна), Өзбекстан (7.65 миң тонна) жана Беларустан (2.8 миң тонна) сатып алынган.
2024-жылга караганда туздун импорту 8 миң тоннага азайган. Мурдагы жылы 27.2 миң тоннага жакын туз ташып келинген.



