
Жарыяланган
2026-02-04, 15:15Учурда мамлекет малчыларды дарынын 9 түрү менен акысыз камсыз кылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык кызматтын директорунун орун басары Кумарбек Исаков билдирди.
Анын айтмында, буга чейин мал үчүн 22 дары мамлекеттин эсебинен алынып, фермерлерге акысыз берилет деп каралган. Бирок анын саны учурда 75ке көтөрүлгөн.
Бирок азыр мамлекет малчыларды дарынын 9 түрү менен гана акысыз камсыз кылууда.
Ал билдиргендей, мал үчүн дары алууга жылына 500 млн сомдон ашык акча бөлүнөт.



