Жарыяланган
2025-26-09, 16:24Мамлекеттик бажы кызматы чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу жараяны аяктап жатканын эске салат. Мыйзамдаштыруу 1-октябрга чейин жүрөт.
Бажы кызматы белгилегендей, өлкөгө 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташылып келген унаалар гана мыйзамдаштырылат. Андан кийин өлкөгө алынып келген унаалар мыйзамдаштырылбайтт. Бул унаанын ээлери аны өлкөдөн чыгарып кетиши кажет же тетиктерге сатышы керек же болбосо жок кылышы керек.
Аталган мекеме чет элдик номерлүү унаалардын ээлерин темир тулпарын 1-октябрга чейин мыйзамдаштырууга үлгүрүп калууга чакырат.