Akchabarsearch
Өлкөгө ташылып келген электр унаалардан жыл аягына чейин бажы алынат

Жарыяланган

2025-26-09, 15:52

Өлкөгө ташылып келген электр унаалардан жыл аягына чейин бажы алынат

Бажы алымысыз ташып келүүгө боло турган электр унаалардын саны белгиленген чекке жеткендиктен, жыл аягына чейин өлкөгө импорттоло турган унаалардан бажы алымы алынат. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, быйыл өлкөгө 10 миң электр унааны бажы алымысыз алып келүүгө болот деген чек коюлган. 25-сентябрга карата ташылып келген унаалардын саны белгиленген чекке жеткен. Мындан улам жыл аягына чейин импорттолгон электр унаалардан 15% бажы алымы алынат.


Тектеш материалды окуу