Akchabarsearch
Ош шаарында курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2025-26-09, 18:00

Ош шаарында курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Ош шаарында курулуш эрежелерин сактабаган курулуш компаниясына айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 

Маалым болгондой, министрликтин кызматкерлери “Муса Жалил көчөсү №2Б” дарегинде “Саламат Курулуш” компаниясы салып жаткан үйдүн курулушун текшерген. Текшерүүнүн жүрүшүндө компания “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” жана “Курулушта эмгек коопсуздугу” курулуш нормаларынын сактабагандыгы аныкталган.

Ага байланыштуу компанияга 200 миң сом айып салынган. 


Тектеш материалды окуу