
Жарыяланган
2026-14-04, 18:132025-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 669 млрд 475.9 млн сомду түзүп, пландалган 662 млрд 101.3 млн сомдон ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Ал эми чыгашалар 617 млрд 5 млн сом болду. Жыйынтыгында бюджет 52 млрд 472.4 млн сом профицит менен аяктады. Бул көрсөткүч 2024-жылы 37 млрд 650.7 млн сом болгон.
Ошондой эле республикалык бюджеттин кирешеси 611 млрд 874.4 млн сомду түзүп, пландалган 605 млрд 707 млн сомдон ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу киреше 47.4%га, же 194 млрд 341.4 млн сомго көбөйгөн.
Республикалык бюджеттин чыгашалары 560 млрд 487.7 млн сомду түзүп, белгиленген 590 млрд 617.4 млн.сом суммасындагы план 95%га аткарылган.
Жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджет 51 млрд 386.7 млн сом өлчөмүндө профицит менен аткарылган.


