Akchabarsearch
Былтыр январь-ноябрь айларында мамлекеттин кирешеси 605 млрд 936.6 млн сомду түздү

Жарыяланган

2026-05-02, 16:26

Былтыр январь-ноябрь айларында мамлекеттин кирешеси 605 млрд 936.6 млн сомду түздү

2025-жылдын январь-ноябрында республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 605 млрд 936.6 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Бул көрсөткүч 2024-жылдын он бир айына караганда 185 млрд 17.8 млн сомго же 44%га көп.

Ал эми ушул эле мезгилде бюджеттин чыгымдары 503 млрд 825.7 млн сомду түзгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 138 млрд 587 млн сомго же 37.9%га жогору.

Натыйжада былтыр январь–ноябрь айларында республиканын мамлекеттик бюджети 102 млрд 110.9 млн сом профицит менен аткарылган.
 


Тектеш материалды окуу