Жарыяланган
2025-26-08, 15:12Быйыл жети айда (январь – июль) Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 359 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 105.6 млрд сомго же 41.7%га көп. Бул тууралуу Каржы министрлигинин отчетунда айтылат.
Бюджетке түшкөн каражаттардын негизги булагы — салыктык кирешелер. Алар 235.2 миллиард сомго жетип, өткөн жылга караганда 48.7 млрд сомго же 26.1%га көбөйгөн. 2024-жылы бул көрсөткүч 186.4 млрд сомду түзгөн.
Бул сумманын басымдуу бөлүгүн Мамлекеттик салык кызматы чогулткан — 159.5 млрд сом. Бул өткөн жылдын январь–июль айларына салыштырмалуу 42.3 млрд сомго же 36.1%га көп. Ал эми Мамлекеттик бажы кызматы 75.7 млрд сом киреше алып келип, 6.1 млрд сомго же 9%га көбөйткөн.
Түшкөн каражаттын дээрлик баары — 325 млрд сом республикалык бюджетке багытталган. Былтыр бул көрсөткүч 230.9 миллиард сом болгон. Ал эми жергиликтүү бюджеттерге 42.3 млрд сом түшүп, өткөн жылга салыштырмалуу 7.3 млрд сомго же 20.8%га жогорулаган.