
Жарыяланган
2026-05-10, 11:572026-жылдын январь-июлунда ишканалардын жана уюмдардын (чакан ишканаларды эсептебегенде) кызматкерлеринин орточо айлык номиналдык эсептелген эмгек акысы 54 миң 864 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Бул 2025-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 28.5%га көп. Ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 16.1%га көбөйгөн.
Улуттук банк аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда, быйыл январь-июль айларында бир кызматкердин орточо эмгек акысы 627.4 долларды түздү.



