Akchabarsearch
Кыргызстанда искусство тармагындагы айлыктар 1.5 эсеге өстү

Жарыяланган

2026-05-10, 09:47

Кыргызстанда искусство тармагындагы айлыктар 1.5 эсеге өстү

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда негизги тармактардын баарында орточо айлык акы өстү.

Эң көп өсүш искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында болду. Бул жерде айлык акы 1.5 эсеге көбөйгөн. Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагында өсүш 46.6%, билим берүүдө 43.3% түздү.

Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүктө айлык акы 35.2%га, айыл, токой чарбасы жана балык уулоодо 32.9%га өстү. Суу менен камсыздоо, калдыктарды тазалоо жана кайра иштетүү тармагында өсүш 29.6% болду. Финансы жана камсыздандыруу тармагында айлык акы 25%га көбөйдү.

Курулуш тармагында орточо айлык 23.5%га, кыймылсыз мүлк менен иштөөдө 23.8%га, транспорт жана жүк сактоо тармагында 22.7%га өстү. Энергетикада өсүш 21%, административдик жана көмөкчү кызматтарда 20.8% болду.

Мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, ошондой эле милдеттүү социалдык камсыздоо тармагында айлык 19.7%га көбөйдү. Дүң жана чекене соода, автоунаа жана мотоцикл оңдоо тармагында өсүш 17.2%, ал эми маалымат жана байланыш тармагында 16.3% түздү.


Тектеш материалды окуу

Кыргызстанда искусство тармагындагы айлыктар 1.5 эсеге өстү Акчабарда