Akchabarsearch
Быйыл январь-июль айларында орточо айлык акы 54.6 миң сомду түздү

Жарыяланган

2026-16-10, 11:51

Быйыл январь-июль айларында орточо айлык акы 54.6 миң сомду түздү

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандагы ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин орточо айлык акысы 54 миң 864 сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28.5%га көп. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.

Ал эми, керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу эмгек акы 16.1%га өскөн. 

Салыштырсак, 2026-жылдын январь-июнь айларында орточо айлык акы 53 миң 759 сомду түзгөн. Демек, бир айда өлкөдө орточо айлык акы 1 миң 105 сомго жогорулаган.

Быйыл январь-июль айларында аймактар боюнча эң жогорку орточо айлык акы Бишкек шаарында катталып, 67 миң 361 сомду түзгөн. Андан кийин Ысык-Көл облусу 60 миң 46 сом менен экинчи орунда турат.

Калган аймактарда орточо айлык акы төмөнкүдөй болгон: Нарын облусунда — 51 миң 462 сом, Талас облусунда — 50 миң 423 сом, Жалал-Абад облусунда — 47 миң 214 сом, Ош шаарында — 44 миң 553 сом, Чүй облусунда — 43 миң 170 сом, Баткен облусунда — 41 миң 681 сом жана Ош облусунда — 36 миң 751 сом.
 


Тектеш материалды окуу