Akchabarsearch
2027-жылы Кыргызстанда орточо айлык акы 58.3 миң сом болот деп болжолдонууда

Жарыяланган

2026-16-10, 10:15

2027-жылы Кыргызстанда орточо айлык акы 58.3 миң сом болот деп болжолдонууда

Келерки жылы Кыргызстанда орточо айлык акы 58 миң 269 сом болот деп болжолдонууда. Бул тууралуу Карыж министрлиги даярдаган Жарандык бюджет-2027 деген документте айтылат.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2026-жылы өлкөдө орточо маяна 51 миң 657 сом болот деп күтүлүүдө. 

2027-жылы - 58 миң 269 сом, 2028-жылы - 63 миң 980 сом, ал эми 2029-жылы - 69 миң 482 сом болот деп болжолдонууда. 

Ошондой эмгекке жарамдуу курактагы адам үчүн жашоо минимуму быйыл 9 миң 627 сом, келерки жылы 10 миң 455 сом болот деп күтүлүүдө.


Тектеш материалды окуу