Akchabarsearch
2029-жылы Кыргызстанда пенсионерлердин саны 900 минден ашышы мүмкүн

Жарыяланган

2026-16-10, 10:51

2029-жылы Кыргызстанда пенсионерлердин саны 900 минден ашышы мүмкүн

2029-жылы Кыргызстанда пенсионерлердин саны 900 минден ашышы мүмкүн. Бул тууралуу Каржы министрлиги дяардаган Жарандык бюджет-2027 деген документте айтылат.

Министрликтин маалыматы боюнча, быйыл Кыргызстанда пенсионерлердин саны 833.2 миңге жетет. Келерки жылы аларлын саны 855.6 миң болот.

Ал эми 2028-жылы пенсионерлердин саны 878 миңди, 2029-жылы - 900.9 миңди түзөт деп болжолдонууда.

Быйыл Кыргызстанда орточо пенсия 12.9 миң сом болсо, 2029-жылы - дээрлик 14 миң сом болот.  


Тектеш материалды окуу