
Жарыяланган
2026-16-10, 12:29Чүй агроөнөр жай аймагында «Асыл Тери» булгаары заводу курулууда. Ишкана суткасына 1 миң баш ири мүйүздүү малдын терисин иштетип, кеминде 60 туруктуу жумуш ордун түзөт.
Заводдун курулушу менен президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев таанышты. Ал курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.
Долбоор жергиликтүү чийки затты кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө жана кошумча наркы жогору продукция чыгарууну көбөйтүүгө багытталган. Завод Кыргызстандагы бардык аймактардан терилерди чогултуп, кайра иштетип, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Ишканада заманбап өндүрүш технологиялары жана саркынды сууларды тазалоочу системалар колдонулат.
Долбоор ишке ашса, терилерди өлкө ичинде кайра иштетүү жолго коюлуп, жаңы жумуш орундары түзүлөт жана даяр булгаары буюмдарын өндүрүү өнүгөт.



