
Жарыяланган
2026-16-10, 12:292027-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) 12.02 млрд долларды түзөт деп болжолдонууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги даярдаган 2027-жылдын Жарандык бюджетинин долбоорунда айтылат.
Маалым болгондой, 31-августка карата мамлекеттик карыз 10 млрд 359.7 млн долларды түздү. Анын 5 млрд 69.9 млн доллары ички карыз болсо, калган 5 млрд 289.8 млн доллары тышкы карыз болуп саналат.
Министрликтин божомолу боюнча, 2026-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз 11 млрд 350 млн долларга жетет. Ал эми келерки жылдын аягында ал 12 млрд 20 млн доллар болот.
2028-жылдын этегинде мамлекетик карыз азайып, 11 млрд 940 млн долларды түзөт. 2029-жылы болсо 11 млрд 590 млн долларды түзөт. Ал эми 2030-жылы - 10 млрд 570 млн доллар болуп азаят.



