
Жарыяланган
2026-16-10, 13:202026-жылдын январь–сентябрь айларында «Кепилдик фонд» ААК өнөр жай тармагындагы ишканаларга 919 млн сомдук 71 кепилдик берген. Бул жалпы кепилдиктердин 24%ын түзөт. Анын жардамы менен ишканалар банктардан дээрлик 2.5 млрд сом насыя ала алышкан.
Жалпысынан тогуз айда фонд 3.85 млрд сомдук 1 миң 523 кепилдик берген. Натыйжада ишкерлер 12.83 млрд сом насыя тартууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Өнөр жайдан кийин эң көп кепилдик кызмат көрсөтүү тармагына берилген. Бул багытка 540 млн сом же жалпы көлөмдүн 14%ы туура келет.
Ипотекалык насыяларга 438 млн сом (11%), транспорт тармагына 395 млн сом (10%), курулушка 382 млн сом (10%), айыл чарбасына 358 млн сом (9%) кепилдик берилген.
Мындан тышкары, соода, туризм жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагындагы ишканалар да фонддун колдоосуна ээ болушкан.
«Кепилдик фонд» банкка насыя алуу үчүн жетиштүү күрөөсү жок ишкерлерге кепилдик берет. Бул механизм ишкерлерге насыя алып, өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана ишин кеңейтүүгө жардам берет.



