Akchabarsearch
Быйыл «Кепилдик фонд» 2 млрд сомдон ашык кепилдик берди

Жарыяланган

2026-09-06, 15:29

Быйыл «Кепилдик фонд» 2 млрд сомдон ашык кепилдик берди

2026-жылдын башынан бери 8-июнга карата «Кепилдик фонд» ААКсы 765 кепилдик берип, алардын жалпы суммасы 2 млрд сомдон ашты. Мунун негизинде ишкерлер жана жарандар 6.7 млрд сом көлөмүндө насыя ала алышкан.

Берилген кепилдиктердин саны боюнча айыл чарба тармагы биринчи орунда турат. Бул тармакка 277 кепилдик берилген. Ошондой эле соода, транспорт тармактарындагы ишкерлер жана ипотека аркылуу үй алган жарандар да кепилдик колдоосун активдүү пайдаланышкан.

Ал эми өнөр жай тармагындагы ишканаларга жыл башынан бери 761 млн сомдон ашык кепилдик берилген. Бул жалпы кепилдиктердин дээрлик 38%ын түзөт.

Мындан тышкары, соода тармагына 463 млн сомдон ашык, транспорт тармагына 250 млн сомдон ашык, ал эми ипотекалык насыяларды колдоого 159 млн сомдон ашык кепилдик багытталган.

Аймактар арасында эң көп кепилдик Баткен облусундагы ишкерлерге берилген — 128 кепилдик. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында да кепилдик колдоосуна суроо-талап жогору болгон.
 


Тектеш материалды окуу