
Жарыяланган
2026-03-09, 11:53«Кепилдик фонд» ААКсы, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы жана «Элдик Банк» ААКсы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу «Аялдар үчүн ипотека жана жашыл ипотека» программасынын алкагында ипотекалык кепилдиктерди берүү боюнча кызматташуу жөнүндө кошумча макулдашууга кол коюшту.
Жаңы ипотекалык программанын алкагында баштапкы төлөм үчүн өздүк каражаты жетишсиз же таптакыр жок жарандар да турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындай учурда белгиленген шарттарга ылайык, баштапкы төлөмдүн жетишпеген бөлүгүн «Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдиги жаба алат.
Программа Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы көлөмү 65 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржыланган «Жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жайга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Долбоордун биринчи багыты — аялдардын турак жайды каржылоого жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган «Аялдар үчүн ипотека». Пайыздык чен Бишкек жана Ош шаарларында турак жай сатып алууда жылдык 10.75%, ал эми Кыргызстандын аймактарында 9.75% түзөт.
Кийинки багыт «Жашыл ипотека» болот. Ал энергияны үнөмдөөчү турак жайларды сатып алууга жана турак жай секторунда энергияны үнөмдөөчү чечимдерди жайылтууга багытталган.


