
Жарыяланган
2026-28-10, 16:42Каракол шаарындагы «Хан-Теңири» турак жай комплексинин экинчи этабында курулуп жаткан 530 ипотекалык батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуштун жүрүшү менен таанышып, батирлерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды. Ошондой эле комплексти жылуулук менен камсыз кыла турган откананы көрүп чыкты.
Эске салсак, былтыр комплекстин биринчи этабында 420 батир пайдаланууга берилген.
Жалпысынан долбоордун алкагында 3 миң 430 батир, эки бала бакча жана бир мектеп куруу пландалган.



