
Жарыяланган
2026-25-09, 12:50Кепилдик фондунун 10 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда 7 миңден ашык жаңы жумуш орду түзүлгөн. Ал эми 42 миңге жакын иштеп жаткан жумуш орду колдоого алынган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев фонддун 10 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда билдирди.
Анын айтымында, акыркы 10 жылда Кепилдик фонду 22.5 млрд сомго жакын суммага 23 миңге жакын кепилдик берген. Анын жардамы менен ишкерлер жалпы суммасы 66 млрд сомго жакын насыя алууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Амангельдиевдин айтымында, бул каражаттар ишкерлерге жабдууларды сатып алууга, өндүрүшүн кеңейтүүгө жана жаңы иш багыттарын ачууга жардам берген.
Кепилдик фонду ишкердин насыя алуу үчүн жетиштүү күрөөсү жок болгон учурда жардам берет. Башкача айтканда, ишкердин күрөөсү жетишсиз болсо, фонд банк алдында ага кепилдик берет.
Амангельдиев белгилегендей, Кепилдик фонду түзүлгөнгө чейин насыя алууну каалаган ишкерлердин 40–50%ы күрөөсү жетишсиз болгондуктан насыя ала албай келишкен.



