
Жарыяланган
2026-16-10, 13:45Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Катар-Жаңгак айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулду. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 149 млн сомду түзгөн.
Архитектуралык долбоорго ылайык, мектеп эки блоктон турган эки кабаттуу имараттан турат. Жалпы аянты 1 650 чарчы метрди түзгөн мектеп окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн зарыл болгон шарттар менен камсыздалган.

Имаратта негизги предметтик окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар жана спорт залы каралган.
Мектептин курулушу 2025-жылдын январь айында башталган. Учурда курулуш иштери толук аяктап, объект пайдаланууга берүүгө даярдалууда.




