Akchabarsearch
Мектептер үчүн 297 миңден ашык окуу куралдары басылып чыкты

Жарыяланган

2026-14-10, 10:53

Мектептер үчүн 297 миңден ашык окуу куралдары басылып чыкты

Кыргызстанда 2-класстардын жана 8-класстардын окуучулары үчүн 297 миң 155 окуу-методикалык комплект басылып чыкты.

«Окуу китеби» басма үйүнүн маалыматына ылайык, анын 182 миң 255и кыргыз тилинде, 114 миң 900ү орус тилинде окутулган мектептер үчүн даярдалды.

Анын ичинен 2-класстарга 144 миң 680, 8-класстарга 152 миң 475 комплект басылды.

Окуу комплекттери алгач өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилип, андан соң мектептерге таратылат.


Тектеш материалды окуу