
Жарыяланган
2026-15-05, 09:51Алай районундагы Таш-Кыя айылында К.Тайчабаров атындагы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Учурда объектте ички жасалгалоо жана сырдоо иштери жүргүзүлүп, мектептин айланасына брусчатка төшөлүүдө.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 77 миллион сомду түздү.
Долбоорго ылайык, мектеп 150 орунга ылайыкталган. Анда окуу класстары, китепкана, ашкана, лаборатория, компьютердик класс жана жыйындар залы каралган. Окуу жылынын башталышы менен окуучулар жаңы мектепте билим ала башташат.
Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө курулду.



