
Жарыяланган
2026-16-10, 12:16Кыргызстанда картошканы чет өлкөлөрдөн алып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул чечим ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рынокту өнүктүрүү максатында кабыл алынды.
Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы 2026-жылдын 15-октябрында кол койгон. Тыюу документ күчүнө киргенден үч күн өткөндөн кийин иштей баштайт.
Чектөө Кыргызстан аркылуу транзит менен өтүп жаткан картошкага, токтом күчүнө киргенге чейин жөнөтүлгөн товарларга, ошондой эле илимий изилдөө, сыноо жана башка атайын иш-чаралар үчүн алып келинген картошкага жайылтылбайт.



