
Жарыяланган
2026-18-03, 12:04Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Бишкек жана Ош шаарларында ички рыноктогу картошка сатуу абалын текшерди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен биллиришти.
Мониторингдин жүрүшүндө Кытайдан импорттолгон картошкалар өлкө рыногунда бар экени аныкталган, бирок алар жергиликтүү продукция катары сатылып жатканы байкалган жок.
Адистер белгилешкендей, Коңшу мамлекеттен картошканы киргизүүгө чектөө жок, анткени Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп, өз товарларын Кытайга экспорттойт.
Учурда рынокто Кытай картошкасы орто эсеп менен 38–40 сом, жергиликтүү картошка 42–44 сомдон сатылууда.
Дыйкандар баанын жогорулайт деп үмүттөнүп кампаларда сактап жатышы мүмкүн, бирок адистер эрте жазгы картошка жакынкы күндөрү рынокко чыгып, баанын көтөрүлүшүнө жол бербесин эскертүүдө.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы дыйкандарды продукцияны өз убагында сатууга чакырып, рыноктук шарттарды туура баалоого үндөдү.



