
Жарыяланган
2026-27-05, 12:09Быйыл январь-март айларында чет жакка 7 миң 203.5 тонна картошка экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Ал үч өлкөгө 83 млн сомдойго сатылган.
Анын ичинен эң көп Өзбекстанга 6 миң 121.6 тонна картошка 50 млн 877 миң сомго сатылган. Ал эми Казакстанга 914.4 тонна, Тажикстанга 167.5 тонна картошка экспорттолгон.


