
Жарыяланган
2026-16-10, 09:50Кыргызстанда 2026-жылы "Социалдык контракт" программасынын алкагында 10 миң 597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 13 миң 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү пландалган. Жыл аягына чейин дагы 2 миң 737 үй-бүлөнү камтуу каралган. Программага катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда.
Ошондой эле мониторингдин жыйынтыгында 59 миң 354 үй-бүлөнүн ичинен 321и ар кандай себептерден улам бизнес-долбоорун ишке ашыра албаганы аныкталган.
Мындай учурларда социалдык контрактты токтотуу маселесин комиссия карайт. Мыйзамда каралган негиздер болсо, тиешелүү чечимден кийин үй-бүлөнүн мамлекеттик жөлөкпул алуу укугу калыбына келтирилиши мүмкүн.
Программа аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого, ишкердикти өнүктүрүүгө жана туруктуу киреше табууга шарт түзүүгө багытталган.



