
Жарыяланган
2026-24-09, 11:03Кыргызстанда аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр өз ишин баштоо үчүн мамлекеттен 150 миң сомго чейин кайтарымсыз грант ала алышат. Каражат «Социалдык контракт» программасынын алкагында берилет.
Программа Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан ишке ашырылат. Ал оор турмуштук кырдаалда турган, бирок өз ишин баштап, кирешесин көбөйтүүгө даяр үй-бүлөлөргө багытталган.
Программага белгиленген талаптарга жооп берген үй-бүлөлөр катыша алат.
Бул үчүн үй-бүлө аз камсыз болгон же жакыр үй-бүлө катары социалдык паспортуна ээ болушу же «Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алуучу болушу керек.
Мындан тышкары, үй-бүлө программага катышууга өз ыктыяры менен макул болуп, бизнес-план даярдашы зарыл. Ошондой эле тандалган ишти жүргүзүү үчүн эмгек жана мүлктүк мүмкүнчүлүктөрү болушу керек.
Социалдык контракт алуу үчүн:
Документтер тапшырылгандан кийин арызды жергиликтүү бийлик органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия карайт.
Социалдык контракт түзүлгөндөн кийин катышуучуга 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз грант берилет.
Бул каражатты мамлекетке кайтаруунун кереги жок. Бирок акчаны бекитилген бизнес-планга ылайык пайдалануу керек.
Каражатты тандалган ишти баштоого жана өнүктүрүүгө жумшоого болот.
Ооба. Программанын катышуучулары үчүн дагы бир колдоо чарасы каралган.
Жыл сайын социалдык контракт түзгөн 1 миң катышуучу гранттын эсебинен түзүлгөн бизнесин же көмөкчү чарбасын кеңейтүү үчүн пайызсыз насыя ала алат.
Мындай насыянын максималдуу суммасы 200 миң сомду түзөт, төлөө мөөнөтү — үч жылга чейин.
Насыяны «АБанк» жана «Элдик Банк» берет.
Насыя алуу үчүн ишкердик ишмердүүлүк чындап жүргүзүлүп жатканын тастыктоо керек. Бул үчүн бизнестин формасына жараша ЖЧКны, жеке ишкерди каттоо тууралуу күбөлүк же патент талап кылынат.
Ошентип, социалдык контракттын алкагында алгач 150 миң сомду кайтарымсыз грант катары алып, өз ишиңизди баштоого болот. Андан кийин программанын талаптарына жооп берген учурда бизнести мындан ары өнүктүрүү үчүн 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя алууга мүмкүнчүлүк бар.
Программага катышуу тууралуу кеңири маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан же Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарынан алууга болот.



