
Жарыяланган
2025-14-07, 10:58Жалал-Абад шаарынын мэриясында «Социалдык контракт» программасынын алкагында 42 үй-бүлөгө ар бири 150 миң сомдон турган сертификаттар тапшырылды.
2022–2024-жылдары «Социалдык контракт» долбоору аркылуу жөлөк пулдан баш тартып, өз алдынча ишкерлик менен алектенүүнү каалаган үй-бүлөлөргө 100 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берилген. Быйыл бул сумма 150 миң сомго чейин жогорулатылды.
2025-жылы аталган программа боюнча Жалал-Абад шаарындагы жалпы 133 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилери пландалууда.



