Akchabarsearch
Жалал-Абаддагы борбордук стадиондо 45 жылдан кийин реконструкция жүргүзүлүүдө
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-09-09, 17:00

Жалал-Абаддагы борбордук стадиондо 45 жылдан кийин реконструкция жүргүзүлүүдө

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы Элебес Осмонов атындагы борбордук стадиондо 45 жылдан кийин биринчи жолу ири реконструкция жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

 Объекттин тендердик баасы 172 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Долбоорго ылайык, стадиондун жатаканасы, ашканасы, батыш- чыгыш трибуналары, коомдук даараткана, унаа токтотуучу жай жана эл аралык талаптарга жооп берген футбол талаасы курулат. 

Эскерте кетсек, бул борбордук стадион 1980-жылы курулган.

 


Тектеш материалды окуу