
Жарыяланган
2025-28-11, 10:50Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак айылында №1 М.Фрунзе мектебинин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 184 млн сомду түздү. Башкы план боюнча объекттин жалпы аянты 2944 чарчы метрди түзгөн, эки кабаттуу имараттан турат. Мектепте негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, кыздар, балдар үчүн эмгек класстар, актовый жана спорт залдары заманбап шарттары менен каралат.
Учурда мектептин пайдубалы куюлду.



