
Жарыяланган
2026-07-07, 15:45«Кыргыз Маданият Сервис» мамлекеттик ишканасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын фудкортторун уюштура турган компанияны тандоо үчүн сынак жарыялады.
Жеңүүчү компания «Курманжан датка», «Рух Ордо», «Ипподром», «Номад» жана «Кырчын» аймактарындагы фудкортторду уюштурат. Жалпысынан ага 145 соода жайы берилет.
Бул жайларды ижарага алуунун баштапкы баасы 25 млн сомду түзөт.
Компания чатырларды, эмеректерди жана керектүү жабдууларды орнотуп, суу менен камсыздоону, аймактын тазалыгын, таштандыларды чыгарууну жана ички коопсуздукту уюштурушу керек. Ошондой эле фудкорттордун бирдиктүү жасалгасын жана иштөө тартибин иштеп чыгат.
Ал эми уюштуруучулар электр энергиясына кошууну жана тышкы коопсуздукту камсыздайт.
Сынакка коомдук тамактануу же ири иш-чараларды уюштуруу тармагында тажрыйбасы бар компаниялар катыша алат. Компаниянын курамында 200дөн ашык кызматкерди ишке тартуу мүмкүнчүлүгү болушу шарт.
Арыздар 2026-жылдын 10-июлу саат 18:00гө чейин kyrgyzmadaniyatservis@gmail.com электрондук дареги аркылуу кабыл алынат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.

