Akchabarsearch
Meta Көчмөндөр оюндарынын ачылышын «укмуштуудай» деп атады

Жарыяланган

2026-07-09, 12:24

Meta Көчмөндөр оюндарынын ачылышын «укмуштуудай» деп атады

Meta компаниясынын Instagramдагы расмий аккаунту Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине өз баасын берди.

Компания британдык саякатчы блогер Сальма Масрур жарыялаган видеого комментарий калтырып, ачылыш аземин «Оюндарды баштоонун укмуштуу жолу» деп атаган.

Сальма Масрур видеону 31-августта Instagram баракчасына жарыялаган. Анда Бишкек Аренада өткөн Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи көрсөтүлгөн. Видео 1.2 миңден ашык лайк топтогон.

Сальма Масрур - марокколук тектүү британиялык саякатчы блогер. Ал Лондондо жашайт жана ар түрдүү өлкөлөрдүн туристтик жайлары, мейманканалары, улуттук тамак-ашы жана маданияты тууралуу контент чыгарат. Анын Instagram баракчасына 259 миңге жакын адам катталган.

Блогердин видеосу жана Meta компаниясынын реакциясы Көчмөндөр оюндарынын ачылышын эл аралык аудиторияга да таанытууга жардам берди.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өттү. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, мелдешке 104 өлкөдөн спортчулар катышууга катталган.

Оюндардын программасына ат чабыш, улуттук күрөштүн түрлөрү, жаа атуу жана салттуу интеллектуалдык оюндар кирген.


Тектеш материалды окуу