Akchabarsearch
Улуттук банк «Тайган жарыш» күмүш коллекциялык монетасын чыгарды

Жарыяланган

2026-25-08, 10:46

Улуттук банк «Тайган жарыш» күмүш коллекциялык монетасын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 25-августтан тартып «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясындагы «Тайган жарыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.

Монета VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган. Анда кыргыз элинин маданий мурастарынын бири болгон тайган жарышы чагылдырылган. Бул мелдеш илгертеден элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана азыр Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий программасына киргизилген.

Монетанын алдыңкы бетинде кыргыз тоолорунун фонунда жарышка катышып жаткан үч тайгандын элеси түшүрүлгөн. Жогорку бөлүгүндө «Тайган жарыш» деген жазуу жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий эмблемасы жайгашкан. Төмөн жагында кыргыздын улуттук оймо-чиймеси, монетанын номиналы — 10 сом, күмүштүн сапат белгиси — Ag 925 жана салмагы — 28,28 грамм көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинде «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games» деген жазуу, Кыргызстандын герби жана кыргыздын күлүк ит тукуму болгон тайгандын башы чагылдырылган. Төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы — 2026 деп көрсөтүлгөн.

Монетанын номиналы — 10 сом, бирок Улуттук банктын кассаларында 8 900 сомдон сатылат. Ал 925 үлгүдөгү күмүштөн жасалган. Нускасы — 1 миң даана.

Ар бир монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен атайын кутуга жайгаштырылат. Монетаны Улуттук банктын мекемелеринин кассаларынан иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин сатып алууга болот.

«Тайган жарыш» монетасы Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.


Тектеш материалды окуу