
Жарыяланган
2026-23-02, 09:34Ишкерлерди мыйзамсыз текшерген мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүлөт. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Башкы прокуратуранын Ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору Чынарбек Аалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда мониторинг жүрүп жатат.
“Ишкерлерди мыйзамсыз текшергендерге тартиптик, административдик чара же кылмыштык жоопкерчилиги көрүлөт. Мараторий чыкканына аз эле убакты болду. Мониторинг кылып жатабыз. Аныкталса сөзсүз чара көрөбүз”, - деди ал.
Башкы прокуратура 2026-жылдын аягына чейин ишкерлерди пландан тышкары салыктык текшерүүлөргө тыюу салынганын билдирген.


