
Жарыяланган
2026-19-02, 10:42Жылдын аягына чейин пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөргө мораторий киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура ишкердик субъекттеринин укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүп, бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүлөргө бөгөт коюу чараларын көрөрүн билдирди.
Мораторийдин шарттарын бузган аракеттер прокурордук текшерүүгө алынат.
Прокуратура мораторий күчүндө турган мезгилде мыйзамсыз текшерүү жүргүзүлгөн учурда ишкерлер кайрылууга укуктуу экенин эскертти.
Мекеме ишкердикке мыйзамсыз тоскоолдук кылган кызмат адамдар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын белгиледи.


