
Жарыяланган
2026-07-10, 10:48Бишкекте жыл башынан бери абага белгиленген нормадан ашык зыяндуу зат чыгарган унаалар боюнча 150 протокол түзүлүп, унаа ээлерине жалпы 1 млн 939 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, акыркы рейд учурунда 10 унаа текшерилип, алардын экөөсү абага белгиленген нормадан ашык зыяндуу зат чыгарып жатканы аныкталган. Бул унаалардын ээлерине айып пул салынды.
Мындан тышкары, Бишкекте майда көмүрдү сатууга, сактоого жана колдонууга жол бербөө боюнча рейддер өткөрүлүүдө. 0–13 мм өлчөмүндөгү майда көмүрдү колдонууга байланыштуу көмүр сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Учурда Бишкекте 11 отун базасы жана 33 көмүр сатуу пункту иштейт. Буга чейин шаарда 21 рейд өткөрүлүп, 31 көмүр сатуучу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.


