
Жарыяланган
2025-10-11, 18:07Кыргызстандын борбору кайрадан абасы эң булганган шаарлардын катарына кирди. 2025-жылдын 10-ноябрындагы маалымат боюнча, Бишкек 9-орунду ээледи.

IQAir сайтынын маалыматына караганда, шаардагы абада зыяндуу майда чаңдардын (PM2.5) көлөмү 118ге жеткен. Бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун нормасынан 8.7 эсе жогору жана ден соолукка зыяндуу деп эсептелет.
Бишкек жана Ош шаарларынан башка шаарларда абанын сапаты жакшы же орточо деңгээлде бойдон калууда.


