Akchabarsearch
Түштүк кореялык компания Бишкектин абасын жакшыртууга көмөктөшөт

Жарыяланган

2025-24-09, 17:57

Түштүк кореялык компания Бишкектин абасын жакшыртууга көмөктөшөт

Бишкек шаардык мэриясында вице-мэр Нургазы Курманбеков Түштүк Кореянын EcoMotion компаниясынын төрагасы Кан Чжон Вон башында турган делегация менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Бишкек ЖЭБине жогорку чыңалуудагы электр энергия булактарын (HVPS) киргизүү жана абанын булганышын азайтуу боюнча долбоор талкууланды. Бул технология чаң бөлүкчөлөрүн кармап, энергияны үнөмдөөгө багытталган.

EcoMotion компаниясы аба тазалоо жана электрофильтрлерди иштеп чыгууга адистешкен. Долбоордун алкагында ЖЭБдеги учурдагы чаң чыпка системаларына баа берилет, HVPS технологиясынын натыйжалуулугу моделделет жана мамлекеттик органдар үчүн сунуштар иштелип чыгат.

Аталган иш-чара Кореянын Билим менен алмашуу программасынын (KSP) алкагында жүргүзүлүп, келечекте эл аралык өнүктүрүү долбоорлору менен да байланышта ишке ашырылмакчы.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек мэриясы менен EcoMotion компаниясы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул кызматташтык шаардагы «Таза аба — Бишкек» программасын ишке ашырууга салым кошот.

 


Тектеш материалды окуу