Akchabarsearch
Адал азыктарды чыгаруу талаптарын бузгандарга айып салына баштайт

Жарыяланган

2026-04-05, 17:39

Адал азыктарды чыгаруу талаптарын бузгандарга айып салына баштайт

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда адал азыктарды чыгаруу талаптарын бузгандарга айып салууну караштырган мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды. 

Бул мыйзам менен адал азык тармагында белгиленген талаптарды бузгандарга айыппул түрүндө жаза киргизилүүдө. Буга чейин ал үчүн эч кандай жаза каралган эмес. 

Ага ылайык:  

- малды багууда, союуда, кайра иштетүүдө, сактоодо, ташууда адал азыктарга коюлган талаптарды бузган;

- адал продукцияны чыгарууда мал-жандыкка жана балыкка бериле турган жем-тоютка коюлган талаптарды бузган;

- сыртында адал деп жазылып, бирок адал азык экенин ырастаган документи жок продукция чыгарган;

- тиешелүү документтери жок туруп адал багытында кызмат көрсөткөн жарандарга 7.5 миң сом айыппул, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат. 

- ошондой эле адал продукция деген сертификат берүүдө жол-жобону бузган же милдеттүү процедураларды жүргүзбөй адал деген документтерди берген юридикалык жактарга 65 миң сом айып каралган.  

Эми аталган мыйзамга президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. 


Тектеш материалды окуу