
Жарыяланган
2026-30-09, 09:57Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-2-октябрь күндөрү Беларустун борбору Минск шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышат. Аларда соода-экономикалык жана башка тармактардагы кызматташуу маселелери каралат.
Ошондой эле, Касымалиев “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө бир катар мамлекеттердин делегация башчылары менен бирге катышып, көргөзмөнүн “Өндүрүштүк-технологиялык кызматташтык: бири бирин толуктоочу өнөктөштүк” аталышындагы пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.
Белгилей кетсек, аталган иш-чараларга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин - Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу мамлекеттердин жана чакырылган өлкөлөрдүн делегация башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.



