Жарыяланган
2025-20-02, 08:57Бишкекте айланма жолду кеңейтүү иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Узундугу 33,4 чакырым жолду алты тилкеге чейин кеңейтип, тротуар жана байламта жолдорду куруу пландалууда. Трассанын уландысы Бишкек — Торугарт жолуна кошулат.
Жолду кеңейтүү үчүн 300дөн ашык мыйзамсыз курулуш алынып, трасса жээгине тротуар түшөт.